Европарламент Эл аралык сотту Лукашенкону камакка алуу ордерин берүүгө чакырды

13-сентябрда Европарламент Беларус менен алака тууралуу резолюцияга добуш берди. Документте Эл аралык кылмыш сотуна беларус башчысы Александр Лукашенкону камакка алууга ордер берүү чакырыгы камтылган. Баяндамада Лукашенконун Орусия президенти Владмир Путин менен катар эле Украинадагы согушка катышы бар экени белгиленген. Бул тууралуу Европарламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Шаршемби күнү чет өлкөдө жүргөн беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Светлана Тихановская Европарламентте сөз сүйлөдү. Ал Европарламент менен Лукашенконун режимине каршы күрөшүп жаткан беларус оппозициясынын алакасын бекемдөө үчүн меморандумду кабыл алууга чакырды. Анын айтымында, оппозиция Беларуста демократияны орнотуу үчүн колдоого муктаж.

Резолюциянын тексти Европарламенттин сайтына жарыяланды.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгында Александр Лукашенко алтынчы ирет жеңүүчү деп табылган. Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Нааразылык акциялары күч менен таратылган жана жүздөгөн адамдар кармалган. Ошондон бери камакка алуулар, куугунтук күчөп келет.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да болгон.

Related posts

Акын Түгөлбек Оторбаев көз жумду – НЕКРОЛОГ

admin

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жазаланды

admin

Садыр Жапаров Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

admin

Комментарий