Бишкектеги №68 мектеп-гимназияда спорт корпусу курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы №68 мектеп-гимназиясынын аймагына спорт залы менен спорт корпусунун курулушун баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Имараттын жалпы аянты — 1111, 49 чарчы метр. Ал эми жердин аянты — 2,3 гектар. «Курулуш мектеп аянтынын түштүк-батыш тарабында, колдонуудагы спорт аянтчасынын ордуна долбоорлонгон. 3 кабаттуу бир блоктон турган спорт корпусу жана газ жабдуусу менен откана курулат. Ошондой эле универсалдуу спорт аянтчасы, чуркоо, машыгуу жана активдүү оюндар үчүн аянтча (башталгыч класстар үчүн) каралган. Учурда котлованды казуу жана пайдубал негизин куюу иштери бүткөрүлдү«,- дешти.

Булак:Сереп

Related posts

УКМК: Мамкомитеттин жетекчилеринин жакын туугандарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине УКМК кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө жол берилбестиги жөнүндө

admin

«Манас» аэропорту кызматкерлери тарабынан пакистандык жарандарга орой мамиле жасаганы тууралуу үн катты

admin

12-апрелге карата айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт

admin

Комментарий