Ошто мыкты мугалим менен мыкты тарбиячыга унаа берилди (сүрөт)

26-сентябрда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты.

Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында №35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды. Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыразычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды.

Related posts

Темир айылындагы селден жабыркагандарга 5 үй курулуп жатат

admin

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат» 

admin

14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий