Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

28-сентябрда Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуу болуп, өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бригадасы тартылганын Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарылуудан жабыркагандар бар экенин, алар Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Алардын арасында оор жаракат алгандар жок. Учурда дарыгерлер бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат. Жабыркагандардын так саны айтыла элек.

Өз кезегинде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өзүнүн Telegram-каналында өрт Ташкенттин Сергели районундагы «Интер Логистикс» ЖЧКсына таандык кампада чагылган түшкөндүгүнө байланыштуу болгонун билдирди. Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле социалдык тармактарда жарылуу учак кырсыгына байланыштуу деген жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

Related posts

Депутаттар чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусундагы айылдарга барышты

admin

11-апрелге карата аба ырайы жылуу жана жаан-чачын күтүлбөйт

admin

КР УКМК: Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды

admin

Комментарий