Селекцияда кескиленген келин. Операцияга 45 миң доллардан ашык акча кетери маалым болду

Социалдык тармактагы баракчасында Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин жакыны маалымат киргизип, операция үчүн Түрк клиникасынан болжолдуу баа келгенин жазды.

«Аселге 2 операция жасалат. 45 миң доллар керек болот. Убакыт 2 жума. Ушул 2 операция жасалгандан кийин гана түрк дарыгерлери бекер пластикалык операция жасап беришет»,- деп жазды ал.

Ал кечээ да сүрөт жүктөп, мурду менен кулагынан тамтык калбаганын жазган болчу. «Акча чогултуу иштери уланып жатат. Биз Түркияда котормочулукка 6 айга аял жалдашыбыз керек. Кымбат дарылар, учактын билетине, ал жерде жашоого жана узак дарыланууга акча керек»,- деп жазган ал.

Жардам берүүнү каалагандар: Мбанк: 0707 837 443 Ногойбаев Т. О!Кошелек: 0707 837 443 Ногойбаев Т.

Related posts

Букингем хансарайы Карл IIIтүн сүрөттөрүн жарыялады

admin

Маск украиналык аскерлер акча үчүн канды булоонго ташталып жатканын айтты

admin

Балыкчы шаарында жеке нотариус кармалды

admin

Комментарий