«Мадина» базарынын кожоюну камакта калтырылды. Аны соттон “Тез жардам” алып кетти

9-октябрда Биринчи Май райондук соту «Мадина» базарынын кожоюну Турсунтай Салимовду камакта калтырды.

Ал 9-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакта болот. Сотко “Тез жардам” келип, аны ооруканага алып кетти. Анын ооруканага жаткырылганы же жаткырылбаганы азырынча белгисиз.

Турсунтай Салимов аны маркум Камчы Көлбаев менен эч нерсе байланыштырбай турганын айтты. Анын айтымында, ал Көлбаевден 18 жаш улуу жана экөө кошуна болушкан. Ал ошондой эле кудасы деген маалыматты да четке каккан.

Салимов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча шектелүүдө.

Related posts

Ошто сел сууларын агызууга арналган жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

admin

Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

admin

Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» базарынын ээси кармалды

admin

Комментарий