Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

 Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгү саат 14:00дө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Кыргызпатент жана USPTO интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

admin

Министрлик: «Бишкекте ысык суу берүүдө чектөө киргизилди»

admin

Жаан жаабайт. 28-сентябрга карата аба ырайы

admin

Комментарий