Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Кыргыз жарандарын кооптуу аймакка барбоого чакырды

Израилдин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Израилдин ар кайсы аймактарында 56га жакын Кыргыз жараны бар. «Элчилик Израилде жашаган мекендештер, ошондой эле Израилдин Герцлия шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу менен дайыма байланышта. Социалдык тармактарда Израилдеги мекендештердин топторунун арасында күнү-түнү ыкчам байланыш үчүн элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги элчиси Руслан Казакбаевдин байланыштары таратылууда»,- дешти.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган Кыргыз жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт. Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги ардактуу консулу).

Related posts

13-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Самаркандда Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жол долбооруна кол коюлду

admin

Казакстанда элиталык сойкуларга барган делгендердин тизмеси тарады. ИИМ териштирүү жүргүзүп жатат

admin

Комментарий