Азиядагы эл аралык кинофестивалда кыргыз режиссерунун тасмасы башкы сыйлыкты алды

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Бусан эл аралык кинофестивалынын Jiseok сынактык программасында жеңүүчү аталып, башкы сыйлыкты алды. Аталган кинофестивалы 28-ирет Түштүк Кореяда 4-13-октябрь күндөр аралыгында өттү.

1996-жылы негизделген Бусан эл аралык кинофестивалы бүгүнкү күндө эң ири азиялык кинофестиваль болуп саналат. Быйылкы жылы дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 269 тасма тандалып алынган. Ал эми кыргыз тасмасы ат салышкан программада баш-аягы 20 фильм сыйлыкка талапкер болду.

Буга чейин «Кыз ала качуу» тасмасынын режиссёру Мирлан Абдыкалыков менен тасманын продюсери Алтынай Койчуманова Түштүк Кореядагы кинофестивалда кызыл килемден өтүшкөн.

Related posts

УКМК: Жалал-Абад облусунда жасалма документтерди саткан канал аныкталды

mediaportalk

Ош шаарындагы алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгынын себеби айтылды

mediaportalk

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды 

mediaportalk

Комментарий