Ошто улактагы массалык башаламандык. Көк бөрү эми ойнотулбай калабы?

17-октябрда Көк бөрү федерациясына жаңы президент болуп Талас Бегалиевдин ордуна Рамис Жунусалиев шайланды. Дал ушул федерациянын жыйынында Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын президенти, башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-августта Ошто орун алган оюн учурундагы башаламандыкты сөз кылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Курманкул Зулушевдин айтымында, коопсуздук, тартип сакталбаса, мамлекеттик иш-чараларда көк бөрү оюну өтпөйт. “Кечээ Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгында ат оюндары өттү. Бирок көк бөрү өткөн жок. Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн айтайын. Ал Оштогу 31-август эгемендик күнүндө болгон оюндан кийин, эгер дагы бир жолу ушундай тартипсиздик кайталанса, мамлекеттик деңгээлдеги оюндарга убактылуу көк бөрүнү кошпой эле коюңуздар деди. Себеби, коомчулукка, мамлекеттин коопсуздугуна терс таасир тийгизет. Алтын баштуу улакчы болсо да, эрежени одоно бузса, жазалашыбыз керек», — деди ал.

Related posts

Токмокто үч баласы менен аялды машина коюп кетти

admin

Күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт – 12-февралдагы аба ырайы

admin

Үлүш ээлеринин алдындагы милдеттерди аткарбаган курулуш компаниянын жер тилкеси алынды

admin

Комментарий