Шакиев: «Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш»

Жгорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын шаарындагы иш сапарынын алкагында Салымбеков университетинин Билим берүү жана инновация борборунун ачылышына катышты.

Заманбап технологияларды, усулдарды киргизүү аркылуу билим берүү системасын өнүктүрүүнү көздөгөн Салымбеков университети 2019-жылы негизделген. Андыктан, окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу менен азыркы турмушка керектүү кесиптер боюнча нарындык жаштар үчүн билим берүүнү көздөгөн борбор бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Агартуу тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор келечек үчүн чоң инвестиция экенин төрага белгилеп, мындай окуу борборлорунун ачылышы өлкө үчүн өтө маанилүү экенин айтты. “Бул демилге башкаларга үлгү. Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш. Айрыкча, борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай мекемелердин ишке берилиши колдоого аларлык”, – деди Нурланбек Шакиев.

Related posts

Бишкекке 20 жаңы автобус келди 

admin

Таластын Жон-Арык айылындагы сарай толугу менен өрттөндү

admin

Эске салабыз! Келе жаткан аптада кыргызстандыктарды узак дем алыш күтүп жатат

admin

Комментарий