19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +18…+20 градус болот.