Жөтөл, чүчкүрүк… Өлкөдө 700 миңдей адам дем алуу органдарынын ооруларына даттанып дарыгерге кайрылган

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров респиратордук оорулар жана аллергия боюнча XIII улуттук конгресстин ишине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, респиратордук оорулар Кыргызстандагы негизги медициналык-социалдык көйгөйлөрдүн бири, оорулуулардын жана өлүмдөрдүн структурасында алдыңкы орундарда турат.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы республикада дем алуу органдарынын оорулары менен 700 миңге жакын бейтап катталган жана өпкөнүн өнөкөт ооруларынын оор түрлөрү менен ооругандардын жалпы болжолдуу саны 200 миң адамдан ашат.

Акылбек Жапаров улуттук конгресс медицина тармагындагы эл аралык программаларды, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды талкуулоо үчүн жакшы илимий-билим берүү аянтчасы экенин белгиледи. Ал респиратордук ооруларга байланыштуу актуалдуу маселелерди чечүүдө кыргызстандык адистер менен дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларынын өз ара аракеттенүүсүнүн жана тажрыйба алмашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чарага Улуу Британиядан, Даниядан, Швейцариядан, Нидерландыдан, Польшадан, Бельгиядан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн алдыңкы окумуштуулар катышты.

Related posts

Айгүл Жапарова балдардын рак оорусу менен күрөшүү боюнча семинарга катышты

admin

29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет 

admin

Комментарий