Төө-Ашууда айдоочуларга жана туристтерге байкоочу аянтча курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуудагы тоннелдин абалы менен таанышты.

Таанышуу учурунда ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү. Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын куруу тапшырылды.

Related posts

ӨКМ дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат

admin

Украинадагы согушка катышкан жигит абактан чыкты

admin

Канат Абдрахматов: Түркиядагы жер титирөө Кыргызстанга таасир эте албайт

admin

Комментарий