Финансы министрлиги: Социалдык контракттын көлөмү өзгөрбөйт

2022-жылы республика боюнча 2800 жакыр жана аз камыз үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилген, алардын 99,6 пайызы ийгиликтүү ишин жүргүзгөндүктөн, 2023-жылы 10 000 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөгө социалдык контракт каралып, долбоордун ийгиликтүүлүгү байкалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Министрлер кабинетинин чечими менен 2024-жылга Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнү 20 000 үй-бүлөгө Жобонун негизинде 100 миң сом өлчөмүндө каржылоо пландаштырылууда. Тактоо иретинде, Социалдык контракттын өлчөмү өзгөрүлбөйт, башкача айтканда 100 миң сомду гана түзөт.

Социалдык контракттын негизинде өз ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө кошумча стимулдаштыруу жана жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында, Социалдык контракттын катышуучуларынын ичинен ишкерлигин далилдеп, салык төлөмдөрүн жүргүзгөн катышуучуларга мамлекеттик банктар тарабынан 200 миң сом өлчөмүнө чейин пайызсыз, кайтарымдуу насыя берүүнүн долбоору каралууда.

Related posts

Терезеден дене боюн чыгарып, автоээнбаштык жасоого жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды

admin

Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланды

admin

Бейшеналиев эмне үчүн кетти? Депутат өз версиясын бөлүштү

admin

Комментарий