Ордо калаанын жалпы имамдары Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Бүгүн, 20-октябрь күнү Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер, укук коргоо кызматкерлери жана борбордогу жалпы 74 мечиттин имамы катышты.

Жыйын башында Палестинада курман болгон мусулман бир туугандарга Куран окулуп дуба кылынды. Андан соң бир катар орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак: 

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;

— Палестинада болуп жаткан окуялар жана курман болгондорго дуба кылуу;

— Мекемелер аралык иш тобунун мечиттерди текшерүүлөрүнө даяр болуу.

«Урматтуу кесиптештер, Палестинадагы болуп жаткан окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз. Курман болгондорду көрүп, кабыргабыз кайышып турган учуру. «Мусулмандын куралы — дуба» дегендей, учурда биздин эң жакшы жардамыбыз дуба кылуу. Бирок дуба кылууда коомдук жайда элди топтоо, бакырып-өкүрүү эмес, балким тынчтыкка үндөө жана саясатташтыруудан оолак болуу зарыл. Ушул боюнча жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Себеби айрым экстремисттик-саясий уюмдар мындай окуялардан пайдаланып, туура эмес пикирлерди, чакырууларды жайылтып ийиши ыктымал», — деди Шакир ажы Маматов.

Related posts

Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин жактырды 

admin

Жалал-Абадда Орусиядан жыгач алууну каалаган жаран 35 миллион сомун алдаткан. Шектүү кармалды

admin

Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

admin

Комментарий