Жапаров менен Ташиев Исхак Раззаковдун кызы менен жолугуп, батир белек кылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы жылуу баарлашууда кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди. Президент Исхак Раззаковдой улуу инсандын ысымы ар бир кыргызстандыкка таанымал экендигин, жалпы элибиз анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө ойногон чоң ролун билет, деп баса белгиледи. Садыр Жапаров көрүнүктүү ишмердин ташка тамга баскандай айткан таамай сөздөрү калың элдин катмарына сиңип, азыр да актуалдуу болгондуктан, ар дайым айтылып, колдонулуп келгенин айтты.

Элмира Раззакова учурда Москвада жашарын жана кийинки жылы 80 жашка толорун билген мамлекет башчысы, анын кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчүн жерге калтыра албаганын баса белгиледи. Буга байланыштуу жолугушуу учурунда Садыр Жапаров ага Кыргыз жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди.

Related posts

КР УКМК: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

admin

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар жаңы кабыл алган желектин иллюстрациясы менен бөлүштү

admin

Актан Арым Кубаттын «Эсимдеси» «Евразия» эл аралык сынагына катышат 

admin

Комментарий