УКМК: «Сапар Исаковго брондолгон унаа белек кылган Рамонов кармалды»

Экс-премьер-министр Сапар Исаковго кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу брондолгон унаа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан  билдиришти.

УКМК тарабынан Камчы Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны кармалган.

Ал Камчы Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.

«2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц S600 брондолгон унаасын экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым ЖМКлар өз булактарына таянып белгилүү балбан Мурат Рамоновдун кармалганын жазышкан болчу.

Related posts

Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

admin

Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылды

admin

Садыр Жапаровду Казань шаарында кандай тосуп алышты? (сүрөт)

admin

Комментарий