Блогер Адыл Акжол уулу камакта калтырылды

Блогер Адыл Акжол уулу камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 4-ноябрга чейин камакта болот.

12-августта Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, блогер Адыл Акжол уулу кармалып, 4-октябрга чейин камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Кийинчерээк Ош ОИИБден маалымат беришип, Адыл Акжол уулунун үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголгонун, ага опузалап талап кылуу айыбы коюлганын билдиришкен.

Related posts

КР УКМК: Бишкекте тапанча менен коркуткан тополоңчу кармалды

admin

Кара-Сууда базар ээси кармалды. УКМК анын үйүнөн канча акча табылганын ачыктады

admin

Садыр Жапаров «Мурас» салттуу мелдешине катышты

admin

Комментарий