Аламүдүн-1 кичи районунда чыккан өрттү 3-класстын окуучусу байкап калган. Ага белек берилди

1-ноябрда Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков № 1 мектептин 3-классынын окуучусу Эмирге өрттү заматта байкап калып, дароо кабарлагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Эмир батирден чыккан түтүндү байкап, ошол замат апасына кабарлаган. Эмирдин апасы өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, кошунасы Кыялбек да жардамга келген. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин Кыялбек үйдө жалгыз калган төрт жашар кыз менен эки жашар баланы өрттөнүп жаткан үйдөн алып чыккан. Эки өрт өчүрүүчү унаа келип, өрттү өчүрүшкөн.

Эмир кырсыктын алдын алууда чоң роль ойногон жана өзгөчө кырдаалда тез жана чечкиндүү иш алып баруу менен өзгөчө жоопкерчилигин көрсөттү. Район башчысы Кыялбекке ыраазычылыгын билдирип, Ардак грамота менен сыйлады. Ал эми Эмирге ыраазычылык каты жана өзгөчө баатырдыгы үчүн белек тапшырды. Ошондой эле уулуна мыкты тарбия бергендиги үчүн апасына ыраазычылык каты тапшырылды.

Related posts

КР УКМК: Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды

admin

Баары чогуу ыйлап. Ким Чен Ын Энелер конгрессинде көзүнө жаш алды

admin

Блогер Адыл Акжол уулу камакта калтырылды

admin

Комментарий