Баткенде мечиттин имамына достору унаа белек кылышты

Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган тургундары акча чогултуп Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

“Биз 1985-жылы туулган айылдын тургундары, буга чейин да соопчулук үчүн кайрымдуулук иштерин уюштуруп, айыл элине колубуздан келишинче кызмат кылып келебиз. Бүгүн имамыбыз Жусупбек Кудайбердиевдин айыл үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендигине ыраазычылык катары унаа белек кылууну чечтик”, — деп билдиришти имамдын достору.

Related posts

30-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК: Бишкекте вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

admin

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий