Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратылды

Камактагы депутат Адахан Мадумаровдун Нурмухаммед аттуу 31 жашар уулу ичкилик ичип унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратылды. Бул тууралуу расмий булактар билдиришти.

Мындай чечимди 2-ноябрда Аламүдүн райондук соту чыгарган. Соттун аныктамасында, ал 29-октябрь күнү мас абалында Форд Фьюжн үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткандыгы айтылган. Сотто Нурмухаммед Мадумаров күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөнүн айткан.

Related posts

Тууну өзгөртүү боюнча кайсы депутат кандай добуш берди?

mediaportalk

28-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин актады

mediaportalk

Комментарий