9-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +6…+11;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.