Бишкекте автобус айдоочу бакты сүзүп, 5 адам жабыркады

Бишкекте №48 автобус маршруттук каттамда бара жатып кырсыкка учурап, 5 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Аталган автобус Чыгыш автовокзалда чыгыштан батышка бара жаткан. Айдоочу унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 5 жүргүнчү жабыркаган. Учурда кырсыктын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Related posts

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы 2 эсеге көбөйгөн 

admin

Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенти Ж.Р.М. кармалды

admin

Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү

admin

Комментарий