БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылыкка шектелген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек ШИИБдин ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкери — милициянын лейтенанты «М.Н.М.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, милициянын лейтенанты «М.Н.М.» кызматтык абалынан пайдаланып, алдоо жолу менен шектүүдөн жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык чыгымды «М Банк» электрондук капчыгы аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен 37 миң сом акча каражатын ээлеп алган.

Кылмыштын изин жашыруу максатында ал акча каражаттарын өзүнүн таанышына котортуп, кийинчерээк аны өзүнүн жеке «М Банк» электрондук капчыгына которуп берүүнү суранган.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

Related posts

Акылбек Жапаров: «1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөт» 

admin

Why Bold Socks Are The ‘Gateway Drug’ To Better Men’s Fashion

admin

УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

admin

Комментарий