Шакиев кыргыз парламентинин башка өлкөлөрдүн парламентинен айырмасын айтты

16-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Акылбек Жапарав баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана КМШ ПААнын күзгү сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген 7 парламенттин башчылары катышып жатышат.

Конференцияда төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, кыргыз парламентинин бир катар өлкөлөрдүн парламентинен айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган жагдайды атады. «Кыргыз парламентин табиятынан жана тарыхый жактан бир катар өлкөлөрдүн парламентинен айырмалап, өзгөчөлөнтүп турган жагдай — пикирлердин көп түрдүүлүгү жана ачык-айкындуулук. Ушуга ылайык, талаштан тактык жаралат. Бардык жыйындар, талкуулар элге ачык-айкын көрсөтүлөт. Анткени Жогорку Кеңеш — мамлекеттеги маанилүү маселелелер талкуулануучу бийик саясий трибуна катары кызмат кылат», — деди ал.

Related posts

Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген УКМК кызматкерлери жазаланды

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

Прокурор 700 миң долларды казиного уттуруп жибергенби? Башкы прокуратуранын жообу

admin

Комментарий