Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

Бишкекте кызды ала качууга аракет кылган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден кабарлады.

23 жаштагы Н.Н. аттуу кыз аны эки киши ала качууга аракет кылганын айтып, 5-февралда милицияга арыз жазган.

Шектүүлөр кызды эркине каршы Nissan унаасына салып, бирок максаттарына жетпей калышкан. Жамгырчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде кызды унаадан түшүрүп, качып кетишкен.

Кылмышка шектелип 30 жаштагы Б.Б. жана 31 жаштагы Ж.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция ала качуу оор кылмыш экенин эскертип, бул үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти.

Related posts

Жылдызкан Жолдошева: Ташиев 2010-жылдагы коогалаңды жөнгө сала алгандыгы үчүн татыктуу сыйланды

admin

Садыр Жапаровдун колдоосу менен Меккеде мейманкананын курулушу башталды

admin

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

admin

Комментарий