Кадамжайда жайлоого чыккан 3 адам куткаруучу чакырууга аргасыз болушкан

Кадамжай районунун Эки-Даван жайлоосунда Айдаркен шаарынын 3 тургуну тоого чыгып, алардын бири — 1970-жылы туулган жаран кулап кеткен.

ӨКМден билдиргендей, кесепетинен бутун кокустатып алган. Жерине саат 14:02де унаа менен 6 куткаруучу, ат менен 4 куткаруучу барган.

Саат 16:30да жерине барган куткаруучулар жабыр тарткан жаранга керектүү медициналык жардам көрсөтүп, саат 19:58де Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришкен. Учурда аталган жарандын абалы жакшы.

Related posts

УКМК: Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Өзгөндө 24 жаштагы келинди балталап салган. Кошунасы кармалды

admin

Садыр Жапаров «Мурас» салттуу мелдешине катышты

admin

Комментарий