АКШда сыртка чыгууну каалаган жаран учактын кошумча эшигинен секирген (видео)

Америка Кошмо Штаттарынын Жаңы Орлеан эл аралык аэропортунда кызык окуя болду. Southwest Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүсү авариялык эшикти ачып, учактын канатынан секирип кеткен.

Бактыга жараша, бул учуп бара жаткан учурунда эмес, учак учуп кетүү тилкесинде турган учурда болгон. Маалым болгондой, адам авариялык чыгууну ачып, учактын канатына чыккан. Окуянын күбөлөрү коомдук тартипти бузган адам булдуруктап сүйлөп, кайсы жерде жүргөнүн билбегенин айтышкан.

Эркек киши текшерүү үчүн жергиликтүү медициналык мекемеге жеткирилген. Ал киши психикалык жактан оорулуу деп табылган, ошондуктан ал кармалган эмес жана жоопко тартылбайт.

Related posts

Wall Street Journal: АКШнын бажы алымдары Кытай үчүн белек болду

admin

Салык кызматына 32 жыл. Статистикалык маалыматтар

admin

18-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий