Мурдагы министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта болот

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы экология министри Динара Кутманованын баш коргоо чарасын узартты. Райондук соттон билдиришкендей, ал 9-февралга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурууга шектеп жатат.

Related posts

Аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

admin

Кыргызстандын башкы аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

admin

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

admin

Комментарий