Кадамжайдагы Лениндин эстелиги алынды (сүрөт)

Кадамжайдагы Лениндин эстелиги алынды. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров жазды.

“Өзүбүздүн тарыхтагы улуу инсандарыбызды даңктай турган мезгил келди. Кезинде Ленин да чоң идеология болгон. Аны танбайбыз. Лениндин эстелигин Кадамжай райондук администрациясынын алдынан алып салуу чечимин бир топ тарыхты түшүнгөн адамдар менен кеңешип кабыл алдым. Эч кандай саясат жок. Болгону ордуна кыргыз эли сыймыктанган улуу инсандарыбыздын эстелигин тургузабыз. Менин максатым идеологияны жандандыруу, чыныгы мекенчил, тарых баалаган инсандарыбызды даңазалоо. Кыргызстандын тарыхында орду бар, элге кызматы бар эки инсандын эстелигин жасатып жатам. Бирин Лениндин ордуна, экинчисин Кадамжай районунун кире беришинине орнотобуз”, — деди Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров.

Related posts

Стамбулдагы жардырууну жасоого шектелген жаран кармалды 

admin

Казакстанда автобуста 25 адамды сактап калган окуучу медаль менен сыйланды

admin

Бишкек мэриясы автобус жууганга жумушчуларды издеп жатат

admin

Комментарий