Жол кырсыгына кабылган № 48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал автобусту калыбына келтирет

Жол кырсыгына кабылган № 48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан билдиришти.

Кырсык 15-ноябрда Чыгыш автобекетинин жанында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, автобекетке жете электе рулду башкара албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Кырсыктан 9 адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Автобустун айдоочусу өзү да жаракат алган. Ошондой эле айдоочу кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурат.

Related posts

Белестүү жолдун баяны

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Комментарий