Ысык-Көлдө жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 4-декабрга карата аба ырайы

Кыргызстанда 4-декабрга карата аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Түп районунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +8…+13

Талас району

түнкүсүн -2…+3

күндүз +7…+12

Баткен областы

түнкүсүн +1…+6

күндүз +12…+17

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +1…+6

күндүз +12…+17

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +5…+10

Нарын областы

түнкүсүн -11…-6

күндүз +4…+9

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров Дмитрий Биволго кымбат баалуу унаа тартуулады

admin

Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

admin

«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

admin

Комментарий