Орусияда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Президент атайын борт уюштурууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”,- деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталып жатат. .

КР ТИМдин маалыматына таянсак, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Related posts

Ташиев «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

ШОС: Кыргызстан аймактык коопсуздукта лидерлик кылууда

admin

Комментарий