Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды. Ал соодагерлер менен жолугушуп жатат.
«Бир топтон бери ККМди кабыл албайбыз дегениңерди угуп, 4-5 күн мурда жумушчу топ түзүп, толук маалыматты бергиле деп жибергем. Кечээтен бери салыкчыларды да, жумушчу топту да уктум. Баарын аныктап туруп, силердин алдыңарга келип отурам. Эмнеге ызы-чуу болуп жатасыңар, артында ким турат? Кандай кызыкчылыктар бар? Мен бардыгын билем», — деди ал.