Ташиев: «Салыкчылардын ишин катуу көзөмөлдөш керек»

«Көптөгөн соодагерлер ККМди түшүнбөй жатканын айтышууда». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Бул Салык кызматынын кызматкерлеринин жетишсиз түшүндүрүп жатканына байланыштуу. Айрым салыкчылардын салык реформасын майда-чүйдөсүнө чейин түшүнбөгөндүгү жана ишкерлердин суроолоруна жооп бере алышпагандыгы бул жагдайды күчөтүүдө. Салык инспекторлору түшүндүрүшү керек болчу. Айрымдар атайын түшүндүрбөйт, эгер ККМ кирип калган болсо, алар пара ала албай калышат. Бул алардын жеке кызыкчылыгы. Алар көпчүлүгүнөн акча алышат. Аны билебиз. Мындан ары Салык кызматынын кызматкерлеринин ишин катуу көзөмөлдөш керек», — деди ал.

Related posts

Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

admin

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

admin

Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

admin

Комментарий