Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

5-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Такталгандай, УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 миллион сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги мыйзам бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Окуучулардын күзгү каникулу 4-ноябрда башталат

admin

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

admin

Комментарий