Ысык-Көлдө сарайда өрт чыгып, 5 торпок тирүүлөй күйүп кетти

7-декабрга караган түнү саат 1:03тө Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында сарай өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге Түп райондук ӨКБдан саат 1:05те жана 1:46да 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Тилсиз жоо саат 3:11де чектөөгө алынып, саат эртең мененки 9:29да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан тилсиз жоо 1300 чарчы метр аянтты камтып, чөп жыйноочу жайдан бардыгы 2 миң түк чөп жана 500 саман, ошондой эле 5 торпок күйгөн. Ал эми калган 10 бодосу, 30 коюу аман калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Related posts

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана ата-эне болушту

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Дагестандагы аэропортто Израилден учак конгондо тополоң башталды

admin

Комментарий