АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

Аномалдуу сууктун, кардын жана катуу шамалдын кесепетинен АКШда кеминде 91 адам каза болгонун CBS News билдирди.

Теннессиде 25 адам, Орегондо 16 адам каза болуп, алардын үчөө унаанын үстүнө кулаган дарактан жаракат алган. Начар аба ырайынан улам каза болгондор Иллинойс, Пенсильвания, Миссисипи, Вашингтон, Кентукки, Висконсин, Нью-Йорк жана Нью-Жерсиде да катталды.

13-14-январда Канададан келген муздак арктикалык абадан улам АКШда температура рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү — нормадан 11-16 градуска төмөн болду. Чикагодо температура минус 34 градуска чейин төмөндөп, штат боюнча мектептер жабылууга мажбур болду. Монтана штатында термометр минус 40 градуска чейин төмөндөдү. 

Телеканалдын маалыматы боюнча, Америка штаттарында 22-28-январда жуманын орто ченинде күн жылыйт.

Related posts

3-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо кайра башталды (видео)

admin

Жети-Өгүздө тургун өз колу менен отун керткич жасады (видео)

admin

Комментарий