12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15,

Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8.

Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус болот.

Related posts

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

Камчыбек Ташиев: Туруктуулук, тынчтык жана келечек үчүн добуш бердим

admin

Комментарий