Камчыбек Ташиев: Туруктуулук, тынчтык жана келечек үчүн добуш бердим

Министрлер Кабинетинин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 30-ноябрда Бишкек шаарындагы К.Карасаев атындагы университетте жайгашкан №1046 шайлоо участогунда добуш берди.

Анын айтымында, бардык техникалык маселелер тез арада чечилди. Ал белгилегендей, учурда шайлоо эч кандай көйгөйсүз өтүп жатат.

«Эч кайсы жерде кооптуу кырдаал жок. Менин оюмча, биздин шайлоочулар жана талапкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жарандар каалаган адамын шайлап бере алышат», — деди Ташиев.

Ал өзү «туруктуулук, тынчтык жана келечек үчүн» добуш бергенин билдирди.

«Мен чоң үмүт менен ушул депутат алдыдагы беш жыл ичинде өлкөбүздүн бардык саясий күтүү­лөрүн, бардык экономикалык жана саясий маселелерин чечет деген ишеним менен добуш бердим», — деди Ташиев.

Бул шилтемеден Камчыбек Ташиевдин берген маегин көрө аласыздар:

Related posts

УКМК: Миллиондогон акчаларды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштургандар кармалды

admin

1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот

admin

Төө-Ашууда таш кулап, буста келе жаткан 11 жаштагы кыз каза болду

admin

Комментарий