Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппарат кызматкерлери менен жолукту (сүрөт)

Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын жетекчилери, бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев жана Жамиля Исаева катышты.

Төрага өтүп бара жаткан жылда жасалган иштерге токтолуп, парламенттин ишин алдыга жылдырууда аппарат кызматкерлеринин салымы чоң экенин белгиледи.

«Жыйында Жогорку Кеңештин ишин уюштуруудагы айрым маселелер талкууланып, кийинки жылда жасалуучу иштер тууралуу сөз болду. Парламенттин ишин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерлер айтылды»,— деп айтылат маалыматта.

Related posts

Өздөрүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн алдамчыларга алданбоо эскертилди

admin

Ашууларда кар жаап жатат. Тыгын жана авариялык абал жаралууда

admin

14-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий