Ашууларда кар жаап жатат. Тыгын жана авариялык абал жаралууда

Бүгүн, 14-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Азыркы тапта Бишкек-Ош унаа жолунун 209-230-чакырымдар аралыгында (Ала-Бел ашуусу) жана 123-138-чакырымдар аралыгында (Төө-Ашуу) кар жаап жатат. Тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө. Жол ачык, каттам бар. Ушундай эле жагдай Өтмөк ашуусунда орун алууда. Унаа кыймылына чектөө жок.

Жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, Транспорт министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Related posts

Бишкектин экс-мэри президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

mediaportalk

Чоң-Алайда жол кырсыктан 2 окуучу каза болду

mediaportalk

17-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Комментарий