Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат. Эми канаттуулар абактан качкандарга каршы коопсуздук кызматына жардам беришет. Бул тууралуу Reuters жазды.

Санта-Катарина штатында колониянын жетекчилиги иттерди казга алмаштырып, бул арзан жана пайдалуу болорун билдиришти. Журналисттерге түрмөнүн кызматкери коопсуздук системасы электрондук, жеке жана каздын байкоосунан турарын айтып берген. Каздардын башчысынын аты — Пиу-Пиу, ал бир канча каздарды жетектейт. Офицерлер Пиу-Пиуну чакырганда ал белги катары үн чыгарат.

Бразилиянын түрмөлөрүндө каз көптөн бери колдонулуп келет. 2004-жылы Сан-Паулу штатындагы төрт абакта каздарды кайтаруу үчүн пайданыла башталган. Түрмө жетекчилеринин бири каздар кызматка алынгандан бери абактан эч бир кылмышкер качпай калганын айткан.

Related posts

Азия чемпионаты: Орозбек Токтомамбетов күмүш медаль алды

admin

Тажикстан Кыргызстанга каршы агрессиясын актоого кантип аракет кылууда? 

admin

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий