Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын борту «Пулково» эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

Related posts

АКШдан чыгарылчулардын арасында СССР, Югославия, Чехословкиянын жарандары бар

admin

Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

admin

Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит кайра өзү түштү

admin

Комментарий