Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. 4 миллион 200 миң сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда депутат 25-декабрда Бишкек шаарында 1 миллион сом алып жаткан жеринен колго түштү. Ал декабрдын башында Бекмолдо айылына түтүк төшөө боюнча тендерди 67 млн сомго утуп алган жеке менчик компаниянын директорун коркутуп, 67 млн сомдун 6 пайызын берүүнү талап кылган. Болбосо күч колдоноорун, курулуш иштерине тоскоолдук жаратаарын айткан.

Related posts

Ысык-Атада 6,5 килограмм салмактагы ымыркай төрөлдү

admin

Генерал-полковник К.Ташиев УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексин ачты

admin

Абировдун абийири ойгондубу? Мушташка катышкан депутат мандатын тапшырды

admin

Комментарий