Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Ч.Т.Ж. 4 миллион 200 миң сом опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда депутат 25-декабрда Бишкек шаарында 1 миллион сом алып жаткан жеринен колго түштү. Ал декабрдын башында Бекмолдо айылына түтүк төшөө боюнча тендерди 67 млн сомго утуп алган жеке менчик компаниянын директорун коркутуп, 67 млн сомдун 6 пайызын берүүнү талап кылган. Болбосо күч колдоноорун, курулуш иштерине тоскоолдук жаратаарын айткан.

Related posts

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Түрдүү категориядагы Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

admin

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет 

admin

Комментарий