Каныбек Туманбаев президент тарабынан 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берилгенин билдирди

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Келечек» балдарды реабилитациялоо борборунда дарыланып жаткан балдардан кабар алып, жаңы жылдык белектерин тапшырды.

«Келечек» балдарды реабилитациялоо борбору туура 1 жыл мурда Бакиевдердин үйүнүн ордуна курулган. Учурда өлкөнүн ар бурчунан келген муктаждарга кызмат кылууда.

«Президентибиз дагы 1000 орундук балдарды реабилитациялоо борборун куруу боюнча тапшырма берди. Учурда долбоорду иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө», — деп билдирди ал.

Туманбаев балдарга белектерин тапшырып, борбордун жааматына келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады.

Related posts

19-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кара-Кулжада сел жүрүп, 15 үйгө суу кирип, 1 үйдүн чатырын учуруп кетти

admin

Жанар Акаев: «Бишкек мурда орусташкан болчу, азыр кыргызча сүйлөө модага айланды»

admin

Комментарий