Кыргызстандагы айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталышы өзгөрөт. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды Кыргыз Республикасынын айыл аймактарына жана айылдарына кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Related posts

Садыр Жапаров: «Кыргыз-монгол мамилелеринин потенциалы эми гана ачыла баштады»

admin

«Раззаков-Бишкек-Раззаков» багыты боюнча 22 млн. 500 миң сомдон ашык суммадагы авто унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекетттин балансына кайтарылды

admin

«Манас» аэропортунун жолунда болгон ызы-чуу. Милиция айдоочуларды кармоо жүрүп жатканын билдирди

admin

Комментарий