Эквадордогу башаламандык. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Эквадордо кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Америкадагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо КР жарандары да жок.

2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Даниел Нобоа бүткүл өлкө боюнча 60 күндүк өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды, анын ичинде 23:00дөн 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Министрлик Эквадордун ичинде саякаттоону жана ушул убакта жалпы өлкөгө барбоону сунуштайт.

Ошону менен бирге ТИМ өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор пайда болгон учурда КР жарандары министрликтин консулдук департаментинин: +996 999 312 002 жана элчиликтин: +1 202 256 2924 түз байланыш телефондоруна кайрылса болорун эскертет.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Полевое айылындагы В.Ленин атындагы жеке дыйкан чарбасынын «Эмгек жана эс алуу лагери» мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Токмокто өспүрүмдөр мушташып, экөөсү бычактан жаракат алды 

admin

Караколдун ички жолдорундагы оңдоо иштери тууралуу маалымат

admin

Комментарий